• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Байдендин үйүнөн купуя делген алты документ табылганы белгилүү болду

23 Үчтүн айы 2023 9:25 Бишкек Govori.TV

АКШнын Юстиция министрлигинин кызматкерлери Жозеф Байдендин Уилмингтондогу (Делавэр штаты) үйүн тинтип жатып, жашыруун делген дагы алты документти тапты. Бул туурасында РИА Новости анын жактоочусу Боб Баэурге шилтеме кылып жазганын «Спутник Кыргызстан» басылмасы билдирди.

Алар Ак үйдүн өкүлдөрү жана жактоочунун көзүнчө 12 саат тинтишкени айтылды. Жыйынтыгында жашыруун деп эсептелген дагы алты документ табылган. Алар Байдендин Сенаттагы ишинин учуруна жана вице-президент кызматындагы учурга тиешелүү болуп чыккан.

Буга чейин CBS News телеканалы федералдык тартип сактоо кызматкерине таянып, президенттен купуя деп саналган 20 документ табылганын кабарлаган. Кагаздардын жарымы Жозеф Байден атындагы аналитика борборунда катылганы, анын арасында өтө жашыруун материалдар болуп чыккан. Ал эми калганы мамлекет башчынын Уилмингтондогу үйүнөн чыкты, бирок аларда катылчу сыр болгон эмес дешкен.

Байдендин өзүнүн атындагы жайда жашыруун документтерди сактаганы боюнча кабарлар 12-январда тарап кеткен. ЖМКлардын жазганына караганда, президенттин ишенимдүү адамдары Конгресстеги аралык менен болчу ноябрдагы шайлоонун алдында тапканы маалымдалган. Бир аз өтпөй кагаздар менчик үйүнүн гаражынан да чыккан. Алардын вице-президенттик мөөнөтүнө тиешелүү экени анык болгон.

Юстиция министри жана башкы прокурор Меррик Гарланд жашыруун документтер кантип эксперттик борбордо калып калганын иликтеп чыгууну тапшырган. Маалыматта Байдендин аталган кагаздардын табылып жатканы туурасында жактоочусунан билгени жазылат. Президенттин айтымында, бул таң калычтуу болгон жана эмне материалдар экенинен кабары жок.
Байден 2009-2017-жылдары Барак Обаманын администрациясында вице-президент болуп турган.

Количество просмотров: 865