КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү кошуна мамлекеттин ири супермаркеттеринин бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Маалыматка ылайык, учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жакынкы арада тиешелүү келишимдерди түзүү пландалууда.
Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков Кыргызстанда өскөн картошканын 5 сортун (пикассо, джелли, актриса, санибель жана каптива) үлгү катары алып келип, тиешелүү процедураларды жүргүзүп, кыргызстандык жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзүүдө керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Келишимде картошканы жумасына 60 тоннадан 3 жолу жеткирүү макулдашылды. Эки тарап тең узак мөөнөттүү өнөктөштүктү жана сезондук жеткирүүлөрдү пландап жатышат.
Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.