Бүгүн, 22-августка карата кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек — унаа жолу» көзөмөл өткөрүү пунттунда кезек күткөн унаалардын саны көбөйдү.
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришкендей, саат 12:00гө карата чек арада 430га жакын унаа турат.
Кечээтен бери Казакстандан Кыргызстанга 274 унаа өткөрүлгөн.