• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Кыргыз-казак чек арасындагы акыркы кырдаал айтылды

24 Баш оона 2023 14:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-августта Чек ара кызматы саат 12:00гө карата кыргыз-казак чек ара өткөрмө бекеттеринде кезекте турган жүк ташуучу автоунаалар жөнүндө маалымат таратты.

Маалымдалгандай, “Ак-Тилек” бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 379, “Чалдыбарда” 73, “Кең-Булуңда” 89, “Чоң-Капкада” 73.

Чек ара кызматы кыргыз тараптагы өткөрмө бекеттер күнүмдүк тартипте иштеп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, «Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 20-августтан бери жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда болду. Анда айдоочуларга жардам көрсөтүү үчүн чатырлар тигилген.

Количество просмотров: 152