• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз-казак чек арасында кырдаал туруктуу

10 Бирдин айы 2020 9:33 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-февралга оогон түнү Кыргызстанга өткөн казакстандыктар катталган эмес. Ал эми Казакстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барып, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү, жарандарды өткөрүүнү жүргүзүп жатат.

«Мамлекеттик чек ара кызматы 2020-жылдын 7-8-февраль күндөрү «Кең-Булун автожол» жана «Токмок автожол» өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанга жарандардын тыгыны көбөйгөндүгүн аныктаган. 9-февраль күнү Кыргызстандан Казакстанды көздөй жарандардын кайтканы байкалып, саат 10.00 карата 1000ден ашуун Казакстандын жараны Кыргызстандан чыгып кетишкен», — деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Эске сала кетсек, 7-февралдан 8ине караган түнү Жамбыл облусунун Кордай районундагы Масанчы айылындагы массалык мушташ орун алган. Казакстан ИИМнин маалыматына таянсак, чырдын натыйжасында сегиз адам каза болуп, 40 ашуун жаран жараат алган.

Количество просмотров: 49