• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрүчүлөрү кайрадан беттешеби?

16 Аяк оона 202411:31 Бишкек Govori.TV


Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы Казакстандын кокпар жана көк бөрү боюнча курама командаларын Чолпон-Ата шаарында ушул жылдын 1-ноябрында ото турган «Биримдик» кубогуна чакырды. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев билдирди.

Анын айтымында, 8-сентябрда бүткүл дүйнөлүк Кокпар ассоциациясы менен Эл аралык Көкбөрү ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган. Анда тараптар ассоциация мүчөлөрү болуп саналган курама командалардын ортосунда эл аралык мелдештерди өткөрүүгө макулдашышкан. 1-ноябрда Ысык-Көлдө өтө турган мелдеш макулдашуулардын биринчи этабы болмокчу.

Учурда Көк бөрү федерациясы Казакстандын Кокпар федерациясына расмий чакыруусун жөнөттү. Казакстан тарап азырынча расмий жооп бере элек.

Коопсуздукка байланыштуу мелдеш көрүүчүлөрсүз өтөрүн Жунусалиев кошумчалады.

Количество просмотров: 695