• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кыргыз-казак чек арасында унаалардын тыгыны жаралды

16 Бештин айы 2022 17:21 Бишкек Govori.TV

16-декабрга карата Кыргызстандан Казакстанга чыгуу үчүн «Чоң-Капка-автожол» өткөрүү бекетинин алдында унаалардын тыгыны байкалууда. Кезек күткөн 25ке жакын жеңил жана 20га жакын жүк ташуучу унаа турганын УКМКнын чек ара кызматынан кабарлашты.

Мындан тышкары, «Ак-Тилек-автожол» постунун алдында да унаалардын тыгыны катталган. Чек арадан өтүү үчүн кезекте 100гө жакын жүк ташуучу унаа турат.

Чек ара кызматынан мындай кырдаалга майлоочу жана күйүүчү май ташыган жеңил автоунаалардын топтолгон саны себеп болгондугун айтты.

Мындан сырткары, ары-бери каттаган автоунаалардын кезекти сактабай, орто жолдон кирип кетүүгө кылган аракетинен улам көзөмөл өткөрүү жайга кире бериште автотыгын жаралган. Чек ара кызматы мындан улам айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганын билдирди.

Количество просмотров: 143