• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сурамжылоо: Чектөөлөр жоюлган казак-кыргыз чек арасынан жарандар жолтоосуз өтүп жатабы?

13 Чын куран 202215:54 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинен тартып Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө койгон чектөөлөрдү жойду. Эми Кыргызстандын жарандары мамлекеттик чек арадан «Ак-Жол унаа жолу» бекети аркылуу эч кандай жүйөөсүз өтө башташты.

Govori.TV агенттиги «Ак-Жол унаа жолу» бекетине барып, анда чек арадан өтүп жаткан жарандардан сурамжылоо жүргүзүп, чек арадан өтүүдө кандай иштер жүрүп жатканына кызыкты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жарандары кыргыз-казак чек арасынан «Чалдыбар унаа жолу», «Ак-Жол унаа жолу», «Кең-Булуң унаа жолу» жана «Токмок унаа жолу» бекеттери аркылуу өтө алат.

Чек арадан өткөн КР жана чет элдик жарандардын жанында акыркы 72 сааттын ичинде тапшырган ПЧР тесттин справкасы же болбосо COVID-19га каршы эмдөөнүн паспорту болушу керек.

Количество просмотров: 220