• Шаршемби 29 Жетинин айы 2023
  • Среда 29 Ноябрь 2023

Салык системасындагы мүчүлүштүктөн улам чек арада тыгын пайда болду

28 июля 2023 в 12:09 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек”, “Чоң-Капка”, “Чалдыбар” жана “Ак-Жол” өткөрмө бекеттеринде жүк ташыган унаалардын узун кезеги жаралды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Салык кызматынын “Жыйынды пост” маалымат системасы 27-июлда кечки саат 22.50до белгисиз себептерден улам бузулуп калган. Мындан улам тыгын пайда болгон.

“Ошол эле учурда Чек ара кызматынын тышкы миграцияны каттоо системасы штаттык режимде иштеп жатат. Жагдай тууралуу айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”, — деп жазылган маалыматта.

Количество просмотров: 83