• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргыз курамасы Өзбекстанга утулуп калды

10 Аяк оона 202421:56 Бишкек Govori.TV

Футбол боюнча Кыргызстан менен Өзбекстан курамаларынын беттеши 2:3 эсебинде өзбек курамасынын жеңиши менен аяктады.

Биринчи бөлүк 2:2 эсебинде аяктаган.

Оюн Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп жатат. Беттешке президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү күйөрмандык кылышты.

5-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курма командасы Иран менен ойногон. Беттеш Ирандын Исфахан шаарынын «Фуладшехр» стадионунда болду. Оюндун алгачкы бөлүгүндө ирандык Мехди Тареми бир гол киргизди. Кийинки бөлүктө бул эсеп өзгөргөн жок. Кыргызстандын курама командасы Иранга жеңилген.

Улуттук курама команда «А» тайпасында жайгашкан. Анда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары бар.

Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.

Количество просмотров: 427