• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргыз-кытай чек ара бекеттери бир жумага жабылат

28 Аяк оона 202114:59 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттери 7 күнгө жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Чек ара бекеттери коңшу мамлекеттин демилгеси менен 1-октябрдагы «Кытайдын улуттук күнү» (Кытай Эл Республикасы түзүлгөн күн) майрамынын белгиленишине байланыштуу жабык болот.

«8-октябрдан тарта аталган эки бекет кайра иштей баштайт»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 164