Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери 1-октябрдан тарта 4-октябрга чейин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кытай тараптын демилгеси менен «Күз ортосу майрамына» карата кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт-унаа жолу» жана «Эркечтам-унаа жолу» өткөрмө бекеттери 1-4-октябрь күндөрү иштебейт.
Ал эми 5-октябрдан тарта «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери өзүнчө алгоритм менен иштей баштайт.