• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргыз-Кытай чек арасы коронавируска байланыштуу ачыла элек

31 Үчтүн айы 2020 10:19 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-Кытай чек арасы коронавируска байланыштуу ачыла элек. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрмө пункттары жабык турат.

«Азыркы тапта бардык чек ара пункттары жабык бойдон калууда. Кыргыз-Кытай чек арасы 24-январдан 30-январга чейин жабык болот деп айтылган. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чек ара жана өткөрмө бекеттери ачыла элек»,- деп билдирет чек ара кызматы.

Кошумчалай кетсек, 30-январдын түн ортосундагы маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети 31 провинциядан 9692 адам илдетти жуктуруп алгандыгы тууралуу маалымат алган. Алардын 1527синин абалы оор болсо, 213 адам каза болду жана 171 жаран ооруканадан чыгарылган.

Количество просмотров: 55