• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

Кыргыз-кытай чек арасы 3 күнгө жабылат

27 сентября 2023 в 17:38 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү жайлары 1-октябрдан 3-октябрга чейин жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, чек ара Кытайдын түзүлгөндүгүнүн күнүн жана Орто күз майрамын белгилөөгө байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылууда.

Чек арадагы өткөрүү пункттары 4-октябрдан тарта ишин кайрадан жандантат.

Количество просмотров: 65