• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

28 Чын куран 202115:42 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл жүргүзүү бекеттери жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл жүргүзүү бекеттери 1-майдан 4-майга чейин жабык болот. Бул күндөрү Кытайда «Эмгек күнү» майрамы белгиленет.

Аталган чек ара пунктулары 5-майда ишин жандантат.

Количество просмотров: 132