• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

11 Кулжа 202111:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кытайдагы белгилене турган майрамга карата “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери транспорт каражаттарынын өтүүсүнө 14-июндан тарта жабылып, 15-июнда кайра ачылат.

Кошумчалай кетсек, кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жана Кытайдын улуттук мааракелеринде жыл сайын жабылып турат. 

Количество просмотров: 127