• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргыз мигранты жөнүндө тасма «Оскардын» тандоо турунан өттү

18 Бештин айы 2018 12:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.12.2018. Govori.TV

Казакстандын «Айка» аттуу көркөм тасмасы Американын башкы кино сыйлыгы болгон «Оскардын» «Чет тилдеги мыкты фильм» номинациясы үчүн күрөшөт. Тасма Москвада жашаган кыргыз мигрантынын тагдыры тууралуу баяндайт.


«Айка» Москвада мыйзамсыз иштеп жана жашап жүргөн Айка Таалайбекова жөнүндө баяндайт. Орусияда жүрүп ал күтпөгөн жерден кош бойлуу болуп калгандыгын угуп, көз жарып, баласын төрөт үйүндө калтырып кетет. Адашканын сезген Айка таштап кеткен баласын кайра издей баштайт.


Тасмадагы башкы каармандын ролун казак актрисасы Самал Еслямова жараткан. 2018-жылы жайында ал эң мыкты аялдын ролу үчүн Канндагы кинофестивалдын байгесине ээ болгон.


«Айка» фильми — казакстандык режиссер Сергей Дворецкийдин эмгеги. Жалпысынан орусиялык кино сынчылар фильм тууралуу оң пикирлерин айтышкан. «Медуза» басылмасынын киносынчысы Антон Долин көрүүчү «Айка» сеансынан чыккан соң «катуу кайгырат» деп жазган, ал эми GQ журналынын киносынчысы Елена Смолина болсо тасманы «мигранттардын дүйнөсүнө саякат» деп атаган.


«Чет тилдеги мыкты тасма» номинациясынын шорт-листине «Айкадан» тышкары дагы 8 эмгек кирген. Алардын ичинде Альфонсо Куарондун «Рома» жана польшалык режиссер Павел Павликовскийдин «Кансыз согуш» тасмасы бар. Буга чейин аталган эки режиссер мурдагы эмгектери үчүн «Оскар» алышкан.


«Айка» «Оскарга» көрсөтүлөбү же жокпу 2019-жылдын 22-январында белгилүү болот. Ал эми кино сыйлыкты тапшыруу аземи февралда өтөт.

Булак: «Kloop.kg» сайты

Количество просмотров: 7