• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери жаңы жол ачууга каршы чыгууда

11 Чын куран 202617:53 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенттери Жал кичи районунда жаңы жол ачуу демилгесине каршы чыгып жатышат.

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы университеттин аймагы аркылуу жаңы жол ачуу сунушун көтөргөн. Аталган демилге Минжылкиев көчөсүн ачууга байланыштуу экени белгиленген.

Студенттер бул демилгеге коопсуздук жана экологиялык себептерден улам каршы экенин билдирип, петиция чогулта башташкан. Учурда ага миңден ашуун студент кол койгону маалым болду.

Бул демилгени айрым коомдук ишмерлер да колдоого алышууда. Алардын катарында Жакшылык Матанов социалдык тармактагы баракчасында бул маселе кыргыз-түрк мамилелерине да таасир этиши мүмкүн экенин белгилеген.

Учурда бул тема социалдык тармактарда кеңири талкуу жаратып, коомчулуктун көңүл борборунда болууда.

Количество просмотров: 270