Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Бул тууралуу Govori. TVга бүгүн, 6-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Эки-Таш айылында Тажикстан тараптан белгисиз бирөөлөр кыргыз чек арачылары тарапка ок чыгарган.
«Алдын ала маалыматка караганда, ок мергенчилик куралдан атылган. Жыйынтыгында чек арачылардын бири колунан жаракат алды. Ага тийиштүү жардам көрсөтүлдү, учурда абалы туруктуу»,-деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Чек арада учурда абал туруктуу экени белгилүү болду.