• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргыз-тажик чек арасында коомдук коопсуздукту сактоо талкууланды

20 Бугу 202414:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Тажикстандын Исфара районунун акими Баховаддин Баходурзода чек арада жолугуп, коомдук коопсуздук жана башка маселерди талкуулады.

Баткен райондук акимчилиги 20-майда кабарлагандай, тараптардын жолугушуусу Ак-Сай айылынын чек арага жакын Тумба жерлигинде болду.

Анда 25-май — мектептердеги акыркы коңгуроо иш чараларына байланыштуу чек аралаш аймактарда түрдүү инциденттердин алдын алуу жана болтурбоо боюнча эки тараптын укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, атайын кайгуулдарды уюштуруу макулдашылды. Ошондой эле эл көп топтолгон жерлерде ыкчам чараларды көрүү, өрт жана өзгөчө кырдаалдардын, кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо жана майрам күндөрү коомдук, коопсуздукту сактоо келишилди.

Жыйынга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү да катышты.

Тараптар чагымга алдырбоо үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, туруктуулукту сактоого көңүл бурууну да макулдашты.

Количество просмотров: 125