• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

15 Үчтүн айы 20259:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саат 04:43тө Кыргызстан менен Тажикстанлын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунан түштүк-чыгышка карай 20 акырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 140 акырым аралыкта жайгашып, Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 181