• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

3 Чын куран 202617:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында бүгүн, 3-апрелде саат 16:26лар чамасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 6 баллга жетти.

Жер титирөөнүн очогу Тажикстанда, Баткен шаарынан 130 чакырым түштүктө жайгашкан.

Кыргызстандын Кара-Тейит, Карамык жана Каравшин айылдарында жердин силкинүүсү болжол менен 3 балл болду.

Количество просмотров: 150