• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Кыргыз-тажик сүйлөшүүнүн жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды

28 Үчтүн айы 2022 15:37 Бишкек Govori.TV

“Достук” заставасында тажик тарап менен сүйлөшүү жүргөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн тең УКМК төрагалары, күч түзүмдөрүнүн, облус башчаларынын жетекчилеринин катышуусунда сүйлөшүү болду.

“Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды. Биринчиден, кечээги болуп өткөн окуяларды иликтөө үчүн бирге комиссия түзүп, окуянын келип чыгуу себебин аныктоо. Экинчиден, көчүрүлгөн жарандарды үйлөрүнө кайтаруу боюнча ӨКМге тапшырма берилди. Кечкиге чейин адамдар өз үйлөрүндө болуп калышы керек. Үчүнчүдөн, эки өлкөнүн күч түзүмдөрү жергиликтүү тургундарды тынчтыкка алып келүү үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Негизгиси күч түзүмдөрдү өз бөлүктөрүнө кайтаруу”, — дейт ал.

Ташиев кечкиге чейин чек арада чек арачылар менен милиция кызматкерлери эле каларын маалымдады.

Количество просмотров: 470