• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргыз тили ЖРТга киргизилбей калдыбы? Министрликтин жообу

7 Бирдин айы 2020 17:38 Бишкек Govori.TV

Кыргыз тили Жалпы республикалык тестирлөөгө киргизилбей калды деген жаңылык чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев билдирди.

 “2002-жылдан бери эле тестирлѳѳнүн негизги предметтери болгон математика, окуп түшүнүү, аналогиялар жана сүйлѳмдѳрдү толуктоо, кыргыз тилинин практикалык грамматикасы деген бѳлүктѳр, ошондой эле Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы, физика, химия, биология, математика, сыяктуу предметтер боюнча кошумча тесттер кыргыз тилинде тапшырылат. 70% кѳбүрѳѳк бүтүрүүчүлѳр ЖРТны кыргыз тилинде тапшырышат жана бул боюнча эч кандай маселе жок”, — деди Марат Усеналиев.

Мындан сырткары , ал 2020-жылдан тарта жалпы республикалык тестирлөөгө филология багытына тапшырууну каалаган абитуриенттер үчүн кыргыз тили жана адабияты боюнча кошумча предметтик тест киргизилип жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 203