Бүгүн, 9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маселе каралууда.
Жыйын учурунда депутат Камила Талиева Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага кайрылып, бул тутумдагы бир катар көйгөйлөрдү айтты.
«Сиз министр катары мугалимдериңиз баары сизге нааразы. ЖК кабыл алып берген китептер боюнча бир дагы талаптар аткарылган жок. Анан каяктагы Сингапур, каяктагы Малайзия? Сиз бул жактагы 12 жылдыкка карата даярдыктар тууралуу жооп бериңиз. Керек болсо мектеп менен байланышыңар жок», — деди депутат.