• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз улакчылары III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү аталды

7 Аяк оона 2018 19:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.09.2018.Govori.TV.

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы жана Өзбекстандын курама командасы Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда финалдык беттеш өткөрүштү.

Финалдык беттеш абдан кызыктуу болуп Кыргызстан курама командасынын пайдасына чечилди. Биринчи тайм 12:0 менен аяктап, экинчи тайм 21:5 эсебинде Кыргыз улакчыларынын жеңишине жол ачты.

Кыргыз курама командасындагы улакчылар күчтүү келип, ат жалынында күчтүү оюн көрсөтүштү.

«Достук» командасынын улакчысы тай казанга улакты таамай салып, өзү дагы улак менен кошо секирип түшүп өзгөчөлүк жарата алды.

Кыргызстан курама командасы 32:9 эсебинде Манас Ниязовдун тай казанга улак ыргытуусу менен жеңишке жетишти.

 

Количество просмотров: 61