• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргыз-өзбек чек арасында 25 жаран жаракат алды

1 Кулжа 2020 11:40 Бишкек Govori.TV

31-май күнү кыргыз-өзбек чек арасында болгон окуядан кийин жаракат алган 2 адамдын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Айдаркен шаарынын Жалпы дарыгерлик тажрыйбалык борборуна окуянын кесепетинен жаракат алган жалпы 25 жаран келип түшкөн. Учурда жабырлануучулардын төртөө ооруканада жатат.

«Жаракат алган эки жаран жандандыруу бөлүмүндө жатат. Операциядан кийинки бейтаптардын абалы дарыгерлер тарабынан оор деп бааланууда. Эки жаран хирургия бөлүмүнө жаткырылган, абалдары орточо оор. Бардыгы тең тиешелүү дарылануу курсун алууда. Калган 21 жаран башатапкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 31-майда саат 12:30 чамасында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбек Республикасынын Фергана облусуна караштуу Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Эки тарап Чечме айылындагы булакты биргеликте тазалап жатканда «бул булак бизге таандык» деп сөз талашып, чырдаша кетишкен. Жаңжалдан кийин Айдаркен шаарындагы жалпы дарыгерлер борборуна 15 адам кайрылганы айтылган болчу.

Количество просмотров: 166