• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине жаңы ректор дайындалды

27 Тогуздун айы 2023 17:14 Бишкек Govori.TV

Мамасыдыков Абдилбает Асанович Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы ректор КР министрлер кабинетинин «Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө» токтому менен бекитилген «Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык жүргүзүлгөн тандоонун жыйынтыгы менен дайындалды.

Билим берүү министрлигинин Укуктук камсыз бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов окуу жайдын жамаатын ректорду дайындоо тууралуу буйрук менен тааныштырды.

Количество просмотров: 490