• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргыз-өзбек футбол беттешинин биринчи бөлүгү аяктады

10 Аяк оона 202420:51 Бишкек Govori.TV

Футбол боюнча Кыргызстан менен Өзбекстан курамаларынын беттешинин биринчи бөлүгү аяктады. Эсеп 2:2.

Биринчи бөлүктүн 14-мүнөтүндө кыргыз курамасынын оюнчусу Жоел Кожо гол киргизип эсепти ачкан.

Оюн Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп жатат. Беттешке президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү күйөрмандык кылууда.

5-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курма командасы Иран менен ойногон. Беттеш Ирандын Исфахан шаарынын «Фуладшехр» стадионунда болду. Оюндун алгачкы бөлүгүндө ирандык Мехди Тареми бир гол киргизди. Кийинки бөлүктө бул эсеп өзгөргөн жок. Кыргызстандын курама командасы Иранга жеңилген.

Улуттук курама команда «А» тайпасында жайгашкан. Анда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары бар.

Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.

Количество просмотров: 198