• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

“Кыргызавтожол” ишканасынын жетекчиси алмашты

15 Кулжа 2023 17:53 Бишкек Govori.TV

Жумаш Содомбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 14-июнундагы тескемесине ылайык Содомбаев Жумаш Асанович “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.

Содомбаев буга чейин аталган “Кыргызавтожол” иш канасында директордун биринчи орун басары болуп эмгектенген, ага чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Жол чарба» департаментинин директору ошондой эле директордун орун басары болгон.

Количество просмотров: 100