• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Кыргыз көмүр»ишканасынын директорунун сабалгандан кийнки абалы (Видео)

1 Жетинин айы 2019 17:22 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз көмүр»ишканасынын директору Канатбек Аширбаев кол салууну өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-ноябрда журналисттерге жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кечедеги көмүр кендеринде видео көзөмөл коюлуп, тартипке келтирүү иши башталган. Кол салгандар камера орнотуу иштерине каршы тургандар болушу мүмкүн.

«Буга чейин түздөн-түз коркутуулар болгон эмес. Быйыл электрондук таразалар, видео көзөмөлдөр орнотулуп, ал жыйынтыгын берип баштаган. Кол салгандар камера орнотуу иштерине каршы тургандар болушу мүмкүн. Касташкан душмандарым деле жок болчу»,-деп билдирди Аширбаев.

Мындан сырткары ал окуяга байланыштуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылганын айтып, учурда саламаттыгы жакшы экенин кошумчалады.

Эске салсак, 31-октябрга караган түнү саат 00.30дар чамасында Тунгуч кичирайонунан “Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Аширбаевди белгисиз адамдар сабап кетишкен.

Количество просмотров: 94