Кыргызстан Алтай Республикасына үч ак илбирс берди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Алтай Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Эл аралык экологиялык конференцияга катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөп жатып айтты.
Касымалиев бул жаныбарларды мурунку байырлаган жерине кайтаруу жана көбөйтүү үчүн маанилүү кадам болгонун белгиледи.
“Алтай Республикасынын “Ак илбирс” борборуна үч ак илбирсти кайра интродукциялоо жана чыңдоо боюнча маанилүү кадам катары өткөрүлдү. Бул жөн гана символикалык акция эмес, Алтай-Саян аймагынын экосистемасынын туруктуулугуна кошкон салымы. Жалпысынан 2019-жылдан бери эл аралык өнөктөштөр менен биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, экологиялык тропторду түзүүнү жана экспедицияларды жүргүзүүнү камтыган 10дон ашык биргелешкен долбоорлор ишке ашырылды. Кыргызстанда “Чаткал” жана “Ак илбирс” деген эки экологиялык коридор түзүлдү. Борбор Азиядагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатында коңшу мамлекеттердин аймактарын камтыган трансчекаралык экологиялык коридорлорду түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Трансчекаралык экологиялык коридорлорду түзүү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого гана өбөлгө болбостон, туруктуу өнүгүү үчүн, анын ичинде экотуризм чөйрөсүндө да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, — деди Адылбек Касымалиев.