Кыргызстан Германия менен тышкы карызды кечүү тууралуу сүйлөшүүдө
Кыргызстан Германия менен тышкы карызды кечүү тууралуу сүйлөшүүдө
5 Тогуздун айы 2018 8:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.10.2018.Govori.TV.
Кыргызстан Германия менен тышкы карызды кечүү тууралуу сүйлөшүүдө. Бул тууралуу 4-октябрдагы парламенттин жыйынында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында Германия жыл сайын 13-15 млн. евронун тегерегинде карызды кечип жатат.
— Германия менен бүгүнкү күндө да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз социалдык багытта чыгашабызды көбөйтсөк, алар карызын кечет. Азырынча жыл сайын 13-15 млн. евронун тегерегинде кечип жатат. Мындай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, балким эмдиги жылы да буга жетишебиз.
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 415 26 доллар. Анын негизги бөлүгүн тышкы карыз түзөт. Эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттерге карыз 3,5 миллиард доллардан ашат. Соңку маалыматка караганда Кыргызстан Германияга жалпысынан 90 млн. доллар карыз.