• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргызстан — Германия диалогу: «Келечек үчүн кесиптик билим берүү жана адистерди даярдоо» форуму өтүп жатат

12 Чын куран 2024 11:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-апрелде Бишкекте Кыргызстан — Германия диалогу: «Келечек үчүн кесиптик билим берүү жана адистерди даярдоо» аталышындагы форум өтүп жатат.

Иш-чарага Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриель Геллил, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев, Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев, Билим берүү жана илим министрлиги менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү катышууда.

Элчи Габриэль Геллил өтүп жаткан форум эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, билим берүү жана бизнес секторлорунун өкүлдөрүнүн ортосунда интенсивдүү идеялар, практикалык тажрыйба алмашуу жана өнөктөштүк мамилелерди калыптандыруу үчүн аянтча болуу максатын көздөй турганын айтты.

«Биз Кыргызстан менен көп жылдан бери кызматташып келебиз жана бул багытты колдойбуз”, — деди Германиянын Кыргызстандагы элчиси.

Жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын жана Эрфурт шаарынын (Германия) Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга жана FAV Service gGmbH менен Кыргызстандын билим берүү мекемелеринин ортосунда кызматташуу боюнча бир катар макулдашууларга кол коюу пландаштырылууда.

Теги:
Количество просмотров: 77