Кыргызстандын футбол курамасы CAFA NATIONS CUP-2023 мелдешинин алкагында Бишкекте Иран менен беттеш өтүүдө.
Оюндун биринчи бөлүгү 2:0 эсебинде Ирандын пайдасына жыйынтыктылды.
Белгилей кетсек, Иран курамасы оюндун 34ү жана 38-мүнөтүндө Кыргызстандын дарбазасына гол киргизген.
26-апрелде Дүйшөмбү шаарында Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын курамаларынын арасында өтө турган CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчү кулак ташталган. Анын жыйынтыгында Кыргызстан Ооганстан жана Иран менен «В» тайпасына жайгашкан.
«В» тайпасынын беттештери Бишкекте 10, 13, 16-июнда, ал эми «А» тайпасынын оюндары 11, 14, 17-июнда Ташкентте өтөт.