• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан суу энергетикалык балансты жөнгө салуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты

10 Жалган куран 2022 9:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан суу энергетикалык балансты жөнгө салуу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу КР энергетика министри Доскул Бекмурзаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

Министрдин маалыматына ылайык, КРнын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана ал көтөргөн демилгенин негизинде казакстандык жана өзбекстандык кесиптештери менен жолугушуу болгон.

«Анда суу энергетикалык балансын жөнгө салууга байланышкан актуалдуу маселелер тууралуу, ошондой эле мындан аркы кызматташтыгыбызды чыңдоо боюнча иш-аракеттерди сүйлөштүк.

Жолугушуу жемиштүү өттү. Кесиптештер болуп биздин биргелешип аткара турган алгылыктуу иштерибиздин бири — бул энергетикалык коопсуздук деген жалпы пикирге келдик. Биз ар дайым бири-бирибиз менен байланыштабыз жана колдонуучуларыбыз электр энергиясы менен үзгүлтүксүз түрдө камсыз болуп турушу үчүн колдон келген аракеттерди жасап келебиз. Борбор Азия аймактарынын суу энергетикалык потенциалын өнүктүрүү — биздин көңүл чордонубузда турган дагы бир маанилүү милдеттерибиздин бири десек болот», — деп жазган ал.

Белгиленгендей, жолугушууга Казакстандын Экология, геология жана суу ресурстары министрлигинин, Өзбекстандын Суу чарбасы министрлигинин башчылары дагы катышкан.

«Бул сыяктуу иш-чараларды мындан ары да актуалдуу делген маселерди чогуу-чаран чечип алуу жана биргелешкен долбоорлордун ишке ашуусун көзөмөлгө алуу максатында дагы да өткөрүп турмакчыбыз», — деп жазган Бекмурзаев.

Количество просмотров: 164