• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кыргызстан кол күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде 4 медаль утту

3 Жетинин айы 2019 0:17 Бишкек Govori.TV

Румынияда өтүп жаткан кол күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын спортчулары 4 медаль утту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кол күрөш боюнча 41-дүйнө биринчилигинде жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында 22-дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын атынан 17 спортчу катышууда.

Жаштар арасында 45, 50, 60, 65 кг жана чоңдор арасында 90 кг жогорку салмактагылар күч сынашууда. Ал эми, мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында 60, 65, 70, 85 жана 100 кг салмактагы спортчулар биринчи орун үчүн таймашууда.Жибек Каратаева 50 кг чейинки салмакта оң кол боюнча күрөштө дүйнө чемпиону аталды. Ал эми сол колдо күрөшүп, күмүш байгени жеңди. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында Нурбек Алиев 60 кг чейинки салмакта сол кол боюнча күрөштө күмүш медалды тагынды. Ошондой эле Өткүр Асхат уулу  60 кг чейинки салмакта сол кол боюнча күрөштө күмүш медалга татыды,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, мелдеш Румыниянын Констанца шаарында 26-октябрда башталып, 4-ноябрга чейин уланат.

Количество просмотров: 116