• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан Кытайга төө буурчак, тыбыт экспорттойт

20 Аяк оона 202415:24 Бишкек Govori.TV

Пекин шаарында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын башкы бажы башкармалыгынын партиялык комитетинин катчысы Юй Цзяньхуа менен жолукту.

“Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы Эркечтам көзөмөлдөө-өткөрүү пунктуна жана кытай тараптагы Улугчат бажы зонасына жакын жерде көзөмөлдөөчү кампанын курулушу жакын арада бүткөрүлөөрү күтүлүүдө. Муну менен Кыргызстандан Кытайга жүк ташуунун көлөмүнүн жогорулашына ишенем. Эң негизгиси бажылык жол-жоболорду дагы жөнөкөйлөтүп алсак, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу алмашууга өбөлгө түзөт”, — деди Бакыт Төрөбаев.

Өз кезегинде Кытайдын башкы бажы башкармалыгынын партиялык комитетинин катчысы Юй Цзяньхуа 2023-жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 2022-жылга салыштырмалуу жогорку деңгээлге көтөрүлгөнүн айтып, кытай тарап экологиялык жактан таза азык-түлүк продукцияларын импорттоого даяр экендигин билдирди. Жыйынтыгында тараптар Кыргызстандан Кытайга төө буурчакты жана тыбытты экспорттоону макулдашты.

Белгилүү болгондой, эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 2023-жылы 20 млрд. долларды түзсө, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында ал 11 млрд. долларга жеткен.

Количество просмотров: 117