• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кыргызстан менен Казакстандын билим берүү министрлери жолукту 

19 Чын куран 2024 10:56 Бишкек Govori.TV

Астана шаарында Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева казакстандык кесиптеши Гани Бейсембаев менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып, Казакстандын билим берүү долбоорлоруна кызыкдар экендигин билдирди.

«Казакстандын билим берүү системасынын тажрыйбасын өздөштүрүү максатында буга чейин биздин өлкөлөрдүн эки ведомстволук уюмдарынын ортосунда педагогикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча меморандумга кол коюлган. Бүгүнкү жолугушуу кошумча түрткү берип, кызматташуубуздун бардык багыттарын кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө пайдалуу чечимдерди кабыл алабыз деп ишенем», — деп белгиледи Догдуркул Кендирбаева.

Казакстандын агартуу министри Гани Бейсембаев эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу демилгесин толугу менен колдой тургандыгын айтты.

«Буга чейинки сүйлөшүүбүздө дүйнөлүк контекстте билим берүү системасын өнүктүрүүнүн айрым аспектилерин талкуулаганбыз. Бул маселеде түшүнүү жана жалпы милдет бар – балдарга билим алуу үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды камсыз кылуу», – деди Гани Бейсембаев.

Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн ведомство башчылары мектепке чейинки, орто, техникалык жана кесиптик билим берүү тармагында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү чечимин кабыл алышты. Ошондой эле достук мамиледеги өлкөлөрдүн билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча форумду болжолдуу ушул жылдын июнь айында өткөрүүнү макулдашышты.

Количество просмотров: 55