• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстан менен Ооганстан товар жүгүртүүнү көбөйтөт

30 Баш оона 202411:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Ооганстан менен товар жүгүртүүнү жогорулатуу тууралуу сүйлөштү.

Бул тууралуу 29-августа Өзбекстандын Термез шаарында “Термез” эл аралык соода борборунун расмий ачылышында Кыргызстандын Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев менен Ооганстандын өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу Нуриддин Азизийдин жолугушуусунда айтылды.

Жолугушууда тоо-кен, нефтини кайра иштетүү жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. Ооганстандын өнөр жай жана соода министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучунун Кыргызстанга боло турган сапары белгиленди.

Количество просмотров: 112