• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстан менен Түркмөнстан биргелешкен өнүктүрүү фондун түзөт

28 Теке 202412:14 Бишкек Govori.TV

Эки өлкөнүн ортосунда инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо, туризм, ветеринардык коопсуздук, карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо, билим жөнүндөгү документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашылган.

 Кыргызстан менен Түркмөнстан биргелешкен өнүктүрүү фондун түзөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай маселе Чолпон-Атада өткөн кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында көтөрүлгөн.

«Жыйында Кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү, Соода үйлөрүн ачуу, ошондой эле Ысык-Көлдө курорттук-эс алуу комплексин куруу долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү боюнча макулдашылды», — дейт маалыматта.

Ошондой эле инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо, туризм, ветеринардык коопсуздук, карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо, билим жөнүндөгү документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашылганы айтылды.

Количество просмотров: 121