• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ысык-Көл облустук Өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясында 13 миллион сомдон ашуун зыян аныкталды

2 Бештин айы 202012:06 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облустук прокуратурасы Ысык-Көл облустук Өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясында (мындан ары Дирекция) социалдык объектилерди курууга каржыланган акча каражаттардын максаттуу пайдалануусу боюнча текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен төмөндөгүлөрдү аныктады.

Дирекция тарабынан 2016-2019-жылдар аралыгында «З.С.» жоопкерчилиги чектелген коому менен Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында спорт зал куруу үчүн келишимдер түзүлүп, курулуш иштеринин жыйынтыгы менен 2019-жылдын 4-мартында спорт зал пайдаланууга берилген.

Бирок, Дирекциянын кызмат адамдары кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, пайда жана артыкчылыктарды алуу максатында «З.С.» коомунун кызматкерлери менен алдын-ала сүйлөшүп, айрым жумуштардын (наркын) жогорулатылган баада жана иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды киргизишкендигинин кесепетинен мамлекетке 4 млн. 324 миң 200 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Ошондой эле, 2014-2018-жылдар аралыгында Тоң районунун Тоң айылында бала-бакча куруу үчүн Дирекция менен жогоруда аталган коомдун ортосунда келишим түзүлүп, курулушу бүткөрүлдү делген бала-бакча 2018-жылдын 29-майында пайдаланууга берилген.

Бул социалдык объекттини курууда дагы Дирекциянын кызмат адамдары менен жогоруда аталган коомдун кызматкерлеринин жогорудагыдай эле кылмыштуу аракеттери менен мамлекетке 4 млн. 378 миң 100 сом зыян келтирилген.

Мындан тышкары, 2015-2018-жылдар аралыгында Балыкчы шаарында бала-бакча курууда Дирекциянын кызмат адамдары менен «ТИП» коомунун кызматкерлеринин ушундай эле кылмыштуу аракеттери менен мамлекетке 4 млн. 338 миң 700 сом зыян келтирилген.

Жогорудагылардын натыйжасында мамлекетке жалпы 13 млн. 041 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Белгиленген фактылар Ыссык-Көл облустук прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Количество просмотров: 112