Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курама командаларынын оюну жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров футбол боюнча Япония курама командасы менен беттеште Кыргызстандын курама командасын колдоо үчүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго келди.
Стадионго мамлекет башчысы менен бирге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жана башка мамлекеттик кызматкерлер келишти.
Бул иш-чара өлкө жетекчилигинин спортко болгон көңүл буруусун жана улуттук командаларды колдоосун дагы бир жолу көрсөтүүдө.
Бүгүнкү беттеш Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктайт деп ишеним бар.