• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер силкинди

13 Бугу 202415:52 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 12:44тө Өзбекстан менен Кыргызстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жерге-Тал, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Боспиек, Кулук-Дөбө, Мукур айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 111