Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 7:54тө Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында жана Пүлгөн айылында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.