• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары телефондон сүйлөштү

14 Теке 2022 9:26 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-өзбек мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулашты.

«Алдыда боло турган тышкы саясий иш-чараларга анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында боло турган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын 4-консультативдик жолугушуусуна катышуусу, ошондой эле эң жогорку деңгээлдеги иш сапардын уюштурулушу боюнча сааттарды тууралашты», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 78