• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан ID-карта менен өтө алышат

25 Баш оона 2023 12:48 Бишкек Govori.TV

1-сентябрдан баштап кыргызстандыктар Өзбекстанга, ал эми өзбекстандыктар Кыргызстанга ID-карт менен кире алат.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргызстан өкмөтү менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун практикалык ишке ашырылышы башталат.

Протоколго ылайык, 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары башка жол жүрүү документтери менен бирге эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-картты колдоно алат.

Количество просмотров: 104