• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстан Орусиядан аскердик техникаларды сатып алат

31 Тогуздун айы 202110:51 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Рособоронэкспорт» компаниясынын жетекчиси Александр Михеев менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аскердик техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

«Эки жак кыргыз тараптын «Рособоронэкспорт» АК Ми-17В-5 тик учагын сатып алуу, Ми-8 МТВ тик учактарын капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо, аларга тетиктерди жеткирүү жана агрегаттарды оңдоо боюнча макулдашышты. Жолугушуунун жыйынтыгында УКМК Чек ара кызматына «Орлан-10Э» учкучсуз учуучу аппараттардын көп функционалдуу комплекстерин сатып алуу боюнча келишимге кол коюшту»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган аскердик техникалык буюмдар Кыргызстан тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынат.

Количество просмотров: 619