• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери нааразычылык акцияга чыкты

27 Баш оона 2020 14:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-августта Токмок шаарында «Кыргызстан» саясий партиясынын  тарапкерлери акцияга чыгышты. Акциянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Токмок шаарында" Кыргызстан партиясы" БШКга каршы митинг …..

Опубликовано Joma KerbenKg Среда, 26 августа 2020 г.

Борбордук шайлоо комиссиясынын  чечимине каршы нааразылык акциясына чыккандар  «Биз БШКнын чечимине каршыбыз!», «Биз мыйзам бузган жокпуз!», «Адилеттүү сотту талап кылабыз!» деген жазууларды көтөрүп турушту. Алар Боршайкомдун «Кыргызстан» партиясынын документтерин артка кайтарган чечимин жокко чыгарууну соттон талап кылышууда.

Эске салсак, БШК 25-августта «Кыргызстан» партиясы «шарттарды бузган» деген негиз менен анын документтерин артка кайтарган.
26-августта аталган партия  БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз жазган.

Количество просмотров: 516