• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Кыргызстан рактан өлгөн адамдын саны боюнча Борбор Азияда 1-орунда турат

7 Бирдин айы 2024 10:48 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстанда жыл сайын 5 500гө чукул адамдан онкологиялык оорулар катталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ошондой эле министрлик өлкө рактан каза болгон адамдардын саны боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда тураарын кошумчалады.

«Жыл сайын аялдар арасында жатын моюнчасынын рагы менен 600 учур аныкталса, анын 300ү каза табат. Дартты эрте аныктоо үчүн рактын алгачкы белгилери тууралуу калкка маалымат берип, үзгүлтүксүз текшерүү жүргүзүп туруу зарыл», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда жылына 30 миңге чукул адам онкологиялык оору менен каттоодо турат. Оорусу жаңы аныкталгандардын жарымы бир жылга жетпей каза болот.

Количество просмотров: 267